Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:10

Иран: Түркиянын Сириядагы ок атышпоо режими тууралуу айыптоосу негизсиз


Ирандын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Бахрам Гасеми.
Ирандын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Бахрам Гасеми.

Иран Түркиянын Сириядагы ок атышпоо келишимин өкмөттүк күчтөр бузууда деген айыптоосун “конструктивдүү эмес” деп атап, элдешүү макулдашуусун сириялык козголоңчулар бузуп жатканын билдирди.

“Азыркы ок атышпоо режими бир нече ирет Сириядагы куралдуу оппозициячыл күчтөр тарабынан бузулган”-деди Ирандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Бахрам Гасеми 5-январда жасаган билдирүүсүндө.

Гасеми Түркияны чындыкка кошпогон билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырып, мындай айыптоолор тескерисинче Сириядагы кырдаалды дагы оорлоторун айтты.

Бир күн мурда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ок атышпоо келишимин сактоосу үчүн Иранды Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө басым жасоого чакырган.

29-декабрда Орусия жана Түркиянын ортомчулугунда ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишилген. Анда Сириядагы ок атууну токтотуп, Башар Асаддын өкмөтү менен оппозиция ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо каралган.

Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүн ушул айдын соңунда Казакстандын борбору Астанада өткөрүүнү сунуштаган.

Иран Орусия менен биргеликте Сириянын президенти Башар Асаддын негизги өнөктөштүрүнүн бири болуп келет, ал эми Түркия байистүү оппозициячыл күчтөрдү колдоп колдойт.

XS
SM
MD
LG