Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:18

АКШ Сенатында орусиялык хакерлердин киберчабуулдары боюнча угуулар башталат


АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп

АКШнын Сенатында бүгүн орусиялык хакерлердин Кошмо Штаттардын президенттик шайлоосуна кийлигишүүсү боюнча угуулар башталат.

Сенаттын республикачыл Жон Маккейн башында турган Куралдуу күчтөр боюнча комитетинде Улуттук чалгын кызматынын башчысы Жеймс Клеппер, Улуттук Коопсуздук боюнча агенттиктин жетекчиси Майк Рожерс жана коргоо министринин чалгын кызматы боюнча орун басары Марсел Леттр отчет беришет.

Жума, 6-январда бардык америкалык чалгын кызматтарынын башчылары Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президенти Дональд Трампка шайлоо кампаниясынын маалындагы киберчабуулдар боюнча маалымат беришет.

Хакерлердин электрондук почталарды бузуп киришин демократтар менен АКШнын чалгын кызматтары расмий Москванын республикачылардын талапкери Дональд Трамптын жеңишине жардам берүү аракети катары баалашкан.

Трамп буга чейин бул билдирүүлөр далилсиз экенин айтып келсе, Орусия айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG