Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Кыргыз жараны Тажикстанда кыйноого кабылды


Тажикстанда токмоктолгон Акжол Калбаев.
Тажикстанда токмоктолгон Акжол Калбаев.

Мындай маалыматты Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги ырастады. Анда Кыргызстандын жараны Калбаевди мурдагы ишкердик боюнча өнөктөшү “Таджирон” деген компаниянын ээси Набижон Набиев алдоо жолу менен Кожент шаарына чакырган. Эч нерседен кабары жок Калбаев Кожентке барган учурда аны катуу токмоктошуп, кыйнап, жакындарынан 23 миң доллар талап кылышкан.

Акжол Калбаевдин туугандары Кыргызстандын Дүйшөмбүдөгү элчилигине кайрылып, тажик коопсуздук органдарынын көмөгү менен кыйноодогу кыргыз жараны 30-декабрда бошотулган. Азыр Калбаев Ошто ооруканада дарыланууда.

Ал эми Калбаевди сабап, ага кыйноо көрсөткөн ата-бала Набиевдер камакка алынды. Кылмыш иш боюнча териштирүү жүрүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG