Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:57

Филиппин Орусия менен бирге аскердик машыгууларды өткөрүүгө даяр


Филиппиндин президенти Родриго Дутерте.

Филиппиндин президенти Родриго Дутерте Орусия менен биргеликте аскердик машыгууларды өткөрүүгө макул экенин билдирди. Бул тууралуу бүгүн анын маалымат катчысы билдирди. Өткөн жылдын июнь айында өлкө башчылыгына келген Дутерте бир нече ирет АКШга каршы сүйлөп, Кытай жана Орусия менен алаканы жакшыртуу үчүн кадамдарды жасап келет.

Ушул тапта Орусиянын эки аскерий кемеси Манилада төрт күндүк сапар менен жүрөт. Бул эки өлкөнүн деңиз аскер флотторунун ортосундагы биринчи расмий байланыш.

Филиппиндин президентинин маалымат катчысы Эрнесто Абелья 5-январда жасаган билдирүүсүндө орусиялык аскердик кемелердин Манилага келиши эки мамлекет ортосундагы кызматташуу дагы тереңдешинин белгиси болорун билдирди.

Абелья ошондой эле Манила менен Москва биргелешкен аскерий-деңиз машыгууларын өткөрүү үчүн тиешелүү документтерге кол коюшу керектигин кошумчалады.

4-январда Орусиянын Филиппиндеги элчиси Игорь Ховаев Москва Маниланын жакын досу болууга даяр экенин ырастаган. Элчи ошондой эле Түштүк-Чыгыш Азиядагы бул мамлекетке курал-жабдыктан каралашарын ырастады.

XS
SM
MD
LG