Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Сузакта жер көчкү коркунучу күч алууда


Көчкү коркунучу бар жерлердин картасы.
Көчкү коркунучу бар жерлердин картасы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагына караган Жалгыз-Жаңгак айылында 1990-1994-жылдары жүргөн жер көчкү кайра активдешип, 16 үйгө кооптуу абал жаралды. Аталган айылдын түштүк тарабындагы жарда 3-январда жер көчкү 50 метрдей жылган. Анын болжолдуу көлөмү 40 миллион метр кубду түзөт.

Бул аймакта жер көчкү 1990-1994-жылдары да жүрүп, 6 үй жабыркап, 16 турак жайды басып калуу коркунучу туулган. Аларга коопсуз аймактардан жер тилкелери жана мамлекеттик жеңилдетилген ссудалар бөлүнгөнү менен ал жерде эл дале жашап жатат.

5-январда 16 үй-бүлөгө эскертүү берилди, аларды көчүрүү үчүн аракеттер көрүлүп жатканы кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG