Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

"Ата Мекен" президентти өз укуктарынан аша чапты деп айыптады


Кыргыз темир жолу.
Кыргыз темир жолу.

«Ата Мекен» партиясы президент менен өкмөт башчы “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын жетекчилигин дайындоодо мыйзам бузууларга жол бергенин айтып чыкты.

“Устав боюнча компания жетекчисин премьер-министр президенттин макулдугу менен дайындап, иштен алышы керек, Конституцияда болсо бул маселеде президент менен макулдашуунун кереги жоктугу жазылган”, - деп белгиленет аталган партиянын катчылыгы тараткан маалыматта.

Ошол эле маалда "ата мекенчилер" премьер-министрди президенттин пайдасы үчүн өз укуктарынан баш тартпоого чакырган.

Өкмөт башчы менен Башкы прокуратурадан ишкананын уставын мыйзамга ылайык келтирүү, мамлекет башчыдан 2010-жылдагы окуяларды эске алуу менен өз милдетин аткарууда Баш мыйзамга гана таянуу, мурдатан калыптанган “кесирлүү” салттан баш тартууну талап кылган.

"Кыргыз темир жолу" мекемесинин 7 миллион сомго 11 автоунаа оңдотуу боюнча жарыяланган тендери коомчулукта катуу сынга алынууда. (NT)

XS
SM
MD
LG