Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:10

Атамбаев Кытай төрагасы менен жолугушат


Атамбаев менен Цзиньпин.
Атамбаев менен Цзиньпин.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Бээжинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов "Азаттык" радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты талкуулайт. Анын соңунда кандай документтерге кол коюлары азырынча айтыла элек.

Атамбаев баштаган делегация Кытайга жумушчу сапар менен 5-январда барган. Буга чейин президент Бээжин сапарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Иран темир жолунун курулушу боюнча маселе талкууга алынарын билдирген. Дал ушул долбоор сапар учурундагы маанилүү маселе болмокчу. (NT)

XS
SM
MD
LG