Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

АКШ төрт йемендикти Гуантанамо түрмөсүнөн чыгарды


АКШнын Гуантанамодогу түрмөсү.
АКШнын Гуантанамодогу түрмөсү.

АКШнын Гуантанамо абагында кармалган төрт йемендик 5-январда Сауд Арабиясына кайтты. Бул тууралуу Reuters жана AFP агенттиктери жазып чыкты. Буга чейин Ак үй азыркы президент Барак Обама кызматтан кеткенге чейин бул абактан бир нече жолу которуулар болорун жарыялаган.

Обама президенттик кызматка киришердин алдында абакты жабууга убада берген. Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест журналисттерге 20-январда Обама кызматын расмий тапшырганга чейин бир нече жолу абактан которуулар болушу мүмкүндүгүн билдирди. Ал эми жаңы шайланган президент Дональд Трамп Кубадагы Гуантанамо абагында кармалгандарды бошотууну токтотууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG