Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, иштен чыккан агрегат оңдолуп, өткөн түнү ишке берилди. Учурда ГЭСтеги бардык агрегаттар штаттык режимде иштеп жатат.
Кыргызстандын энергосистемасында 500-600 мВт ашыкча электр энергиясы бар жана бул жаатта чектөөлөр болбой турганын Зилалиев кошумчалады.
Буга чейин Токтогул ГЭСинде 15-декабрда 300 мегаВатт кубаттуулуктагы гидроагреаттын кабелдери иштен чыкканы белгилүү болгон . Муну “Улуттук энергохолдинг” үч-төрт күн жарыялабай, маселе парламентте нааразылык жараткан.
Токтогул ГЭСи - Кыргызстандагы суу электр энергиясын өндүрүүчү жана эң ири ирригациялык ишкана.
2015-жылы ГЭСти кайрадан оңдоп-түзөөгө Азия өнүктүрүү банкынан 110 миллион доллар, Евразия өнүктүрүү банкынан 100 миллион доллар жеңилдетилген шартта насыя алуу боюнча келишим түзүлгөн. Кыргыз тарап 40 миллион доллар бөлө турган болгон.(BkA)