Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:49

Мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов абактан бошотулду


7-апрелдеги күнөөлүүлөрдүн сот жараяны.
7-апрелдеги күнөөлүүлөрдүн сот жараяны.

Мурдагы Баш прокурор Нурлан Турсункулов абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан тастыкташты. Маалыматка ылайык, Турсункуов буга чейин абактан бошотулган президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев жана президенттик аппараттын мурдагы башчысы Каныбек Жороев сыяктуу эле абак мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөп бүткөнү үчүн эркиндикке чыгарылган. Мындай чечимди Аламүдүн райондук соту чыгарды.

Эми алар көзөмөлдө болуп, маал-маалы менен жаза аткаруу кызматынан текшерүүдөн өтүп турмакчы.

Апрел окуялары боюнча соттолгон бул адамдар толугу менен быйыл жазасын өтөп бүтмөкчү.

Нурлан Турсункулов 2010-жылга чейин Баш прокурор, Юстиция министри болуп эмгектенген. Ал 2010-жылдагы Апрел окуясында тынч жарандарга ок атууга күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG