Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:24

Эки баласын өлтүргөн эне 20 жылга кесилди


Нарындын Кочкор районуна караштуу Чекилдек айылында эки баласын өлтүргөн 30 жаштагы аял 20 жылга соттолду. Мындай өкүмдү Кочкор райондук соту чыгарды. Маалыматка ылайык, былтыр октябрь айында Чекилдек айылынын тургунунун эки кызы каза болгону тууралуу милицияга арыз түшкөн.

Милиция кызматкерлери барган учурда алардын энеси кыздары ооруп калгандыктан аларга дары берген соң чарчап калганын билдирген. Бирок тергөө амалдарынын учурунда наристелердин тумчуктурулуп өлтүрүлгөнү аныкталган.

Кийинчерээк эне кылмышты моюнуна алып, кыздарын желим баштык менен тумчуктуруп өлтүргөнүн айтып берген. Тергөөнүн жүрүшүндө, мындай кадамга ажырашып кеткен күйөөсүнө өчөшүп кылганын билдирген.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG