Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Прокуратура Токтоналиев көчөсүндөгү үй курулушунун мыйзамдуулугун текшерет


Башкы прокуратура Бишкектеги Айни жана Токтоналиев көчөлөрүндөгү балдар аянтчасына көп кабаттуу үй куруунун мыйзамдуулугун териштирет. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты. Бишкек шаардык прокуратурасына аталган курулуш боюнча текшерүү тапшырмасы берилди.

Буга чейин Айни жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги скверге көп кабаттуу үй курулуп жатканы үчүн нааразылык акциясы өткөн. Анда жашоочулар аталган сквердеги бактарды курулуш компаниялардын бири кыя баштаганына нааразылык билдиришкен эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG