Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Орусия Сириядагы аскердик күчтөрүн азайтууга киришти


"Адмирал Кузнецов" аскердик кемеси.
"Адмирал Кузнецов" аскердик кемеси.

Орусия Сириядагы аскердик күчтөрүн азайта баштады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Орусиянын Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимовго шилтеме жасап билдиришти.

- Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Владимир Путиндин чечимине ылайык Орусиянын Коргоо министрлиги Сириядагы аскердик күчтөрүн кыскарта баштады,- деди Герасимов.

Анын айтуусунда, “Адмирал Кузнецов” учак алып жүрүүчү кемеси баштаган деңиз күчтөрү алгачкылардан болуп Сириядан Орусияга кайтат.

Президент Путин Москва менен Анкара ортомчулук кылган ок атышпоо келишиминин алкагында Орусия Сириядагы аскердик күчтөрүн азайтууга макул болгонун декабрда билдирген.

XS
SM
MD
LG