Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Ирандагы жер титирөөдө ооган мигранттары набыт болду


Хонж шаары.
Хонж шаары.

Ирандын Хонж шаарынын жанындагы Сайфабад айылында магнитудалык күчү 5,1 баллдык жер титирөө болуп, андан төрт адам мерт болду.

Мамлекеттик телеканал курман болгондор жергиликтүү фермада иштеген ооган мигранттары экенин кабарлады.

Фарс провинциясынын губернатору Мохтар Аббаси кырсык болгон жерде куткаруу иши жүрүп жатканын айтты.

Иран сейсмологиялык активдүү аймакта жайгашкан. 2003-жылы 6,6 баллдык жер титирөө 26 миң адамдын өмүрүн алып, тарыхый Бам шаарына олуттуу зыян алып келген.

XS
SM
MD
LG