Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:43

Пакистандын Лодхран шаарында жүрүп бараткан поюз жүргүнчүлөрдү алып бараткан эки рикшаны сүзүп кетип, андан жети мектеп окуучусу мерт болду.

Жергиликтүү полиция билдиргендей, 6-январдын таңында болгон кырсыктан жаракат алган дагы беш окуучу оор абалда ооруканада жатат.

Рикшанын айдоочулары поезд келе жатканына карабай темир жолдон өтүп кетүүнү көздөшкөн. Алар тумандан улам Лахор шаарынан Карачиге бараткан поюздун ылдамдыгын байкабай калышкан.

Рикша - Азия өлкөлөрүндө колдонулган сүйрөмө араба же велосипед түрүндөгү жүргүнчү ташуучу унаа.

XS
SM
MD
LG