Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:33

О операторунун баланс толтуруу акысы жогорулабайт


О мобилдик операторунун бирдиктүү жүктөөдөгү комиссиянын жогорулатуу чечими жокко чыгарылды. Бул тууралуу өкмөт алдындагы Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Болсунбек Казаков билдирди. Анын айтымында, бүгүн аталган агенттикте операторго ээлик кылган “Нуртелеком” компаниясы жана төлөм операторлорунун катышуусунда жыйын өттү.

Анда бирдик жүктөөдөгү төлөм акынын көтөрүлүшүнө байланыштуу абал талкууланып, жыйынтыгында эки тарап баланс толтуруу акысын мурдагы өлчөмдө калтырууга макул болгон.

1-январдан баштап О мобилдик операторунун абоненттерине бирдик жүктөөдөгү комисия 5 сомдон 10 сомго көтөрүлгөн эле. Бул боюнча “Нуртелеком” компаниясы түшүндүрмө берип, акыны жогорулатуу чечимин төлөм операторлору кабыл алганын билдиришкен.

Буга байланыштуу социалдык тармактарда бул оператордун кызматынан колдонуудан баш тартууга чакырган акция уюштурган эле.(BkA/TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG