Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

“Кыргыз темир жолунун” автоунаа оңдоо боюнча тендери өтпөй калды


Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында кабарланды. Анда тендердин эмне себептен токтотулганы көрсөтүлгөн эмес.

Буга чейин мамлекеттик ишкананын 11 автоунааны оңдоо үчүн 7 миллион сомго тендер жарыялаганы кызуу талкуу жараткан. Анда ишкана Daewoo Espero автоунаасына 332 миң сомго чукул акча коротууга даяр экенин билдирген эле.

Мындан башка Honda Odyssey 278 миң 609 сом, Audi 100 унаасына 163 миң сом, Toyota Mark II автоунаасына 290 миң сомго тетик алып берүүнү көздөгөн.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү унаалардын жарактан чыккан тетиктерин алмаштыруу жагы алдын ала иликтенип чыкканын айтышкан. Бирок социалдык тармактарда талкуу жаратып, айрым парламент депутаттары бул маселени көзөмөлгө аларын айтышкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG