Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Ирак армиясы Мосулдун стратегиялык бөлүгүн ээледи


Өкмөттүк күчтөр, 6-январь
Өкмөттүк күчтөр, 6-январь

Ирак армиясы Мосул шаарынын стратегиялык бөлүгүн ээледи. Түнкү операция жыйынтыгында Мутана кварталын өкмөттүк аскерлер “Ислам мамлекети” террордук тобунан бошотту. Бул кварталда бир дөбө жайгашып, шаарды “алаканга салгандай” көрүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Өткөн жылдын октябрынан бери Ирактын коопсуздук күчтөрү АКШ аба күчтөрүнүн жардамы менен Мосул шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун согушкерлеринен тазалоо операциясын улантып жатышат. Мосул “Ислам мамлекети” тобу ээлеп турган акыркы таяныч шаар болууда.

XS
SM
MD
LG