Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:40

Сузакта жер көчкү коркунучу сакталууда


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылында жер көчкү кайра активдешип, 16 үйгө кооптуу абал жаралды. Аталган айылдын түштүк тарабындагы жарда 3-январда жер көчкү 50 метрдей жылган. Анын болжолдуу көлөмү 40 миллион метр кубду түзөт.

Бул аймакта жер көчкү 1990-1994-жылдары да жүрүп, алты үй жабыркап, 16 турак жайды басып калуу коркунучу туулган.

Аларга коопсуз аймактардан жер тилкелери жана мамлекеттик жеңилдетилген ссудалар бөлүнгөнү менен ал жерде эл дале жашап жатат.

Учурда аталган үй-бүлөлөргө эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG