Кытайлык инвесторлор Чүй облусунун аймагында “Азия жылдызы” деп аталган айыл чарба зонасын түзүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жалпы наркы 1 миллиард долларды түзгөн зонада мал багылып, эт азыктарын өндүрүп жана сатуу пландалууда.
Айыл чарба зонасы Чүйдөгү Искра айылында жайгашат жана алты жыл ичинде курулуп бүтөрү пландалууда.
Долбоорду "Хэнан Гуй Ю” корпорациясы ишке ашырары каралууда. Бул корпорация курамында 20дан ашык компания бар.
Учурда Экономика министрлиги менен аталган комппаниянын “Азия жылдызы” зонасын түзүү жана каржылоо боюнча келишимге кол коюлганы кабарланды.(BkA)