Линктер

жекшемби, 25-февраль, 2018 Бишкек убактысы 00:19

Иран президенти Хасан Роухани Кыргызстан жана Ирандын ортосунда соттолгондорду өткөрүп берүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Ирандын маалымат каражаттары жазып чыкты. Андагы маалыматка аталган келишимди Ирандын парламенти жактырганы айтылат. Былтыр ноябрь айында кыргыз тарап да бул келишимди жактырган эле.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, учурда 1900дөн ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдөгү абактарда жаза мөөнөтүн аткарып жатат. Учурда Иранда түрмөдө отурган жарандар жок.(BkA)

XS
SM
MD
LG