Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Сузак: жер көчкү түшчү аймак тургундарына жардам көрсөтүлөт


Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев билдирди. Өкмөт өкүлү Сузай районундагы жер көчкү коркунучу сакталып турган Жалгыз-Жаңгак айылынын тургундары менен жолукту. Анда бардык тургундарга мамлекет тараптан тийиштүү жардам болорун убада кылды.

Көчкү жүргөн 3-январдан бери бул айылдан үч үй-бүлө башка жакка толугу менен көчүп чыгып кетишти.

Мында жалпысынан 40 млн куб метр жер көчкү 16 үйгө коркунуч жаратууда.

Бул аймакта жер көчкү 1990-1994-жылдары да жүрүп, алты үй жабыркап, 16 турак жайды басып калуу коркунучу туулган. Аларга коопсуз аймактардан жер тилкелери жана мамлекеттик жеңилдетилген ссудалар бөлүнгөнү менен ал жерде эл дале жашап жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG