Флорида штатындагы аба майданда кол салган шектүүнүн тек жайы такталды. Полиция беш адамдын өмүрүн алган кол салууга шектүү катары кармалган адам 26 жаштагы Эстебан Сантьяго болгон деген маалымат таратты.
Сантьяго учурунда коалициялык күчтөрдүн катарында Ирактагы операцияга катышкан. Аляска штатында туулуп-өскөн Сантьяго өз милдетин аткарбаганы үчүн кызматынан төмөндөтүлгөн.
Анын агасы иниси акыркы учурда психологиялык дарылануудан өтүп жүргөнүн айтып берген.
Флорида Форд-Лодердейл аэропортунда куралчан кишинин огунан беш адам каза болгон. Кол салуудан сегиз киши жараат алып, ооруканага жеткирилди.
Маалыматка ылайык, куралчан киши аэропорттун жүктөрдү ала турган жеринде ок чыгарган.