Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Мэрия Токтоналиев көчөсүндө үй курууга уруксат берген эмес


Бишкек мэриясы борбордогу Жаманбаев жана Токтоналиев көчөлөрүндөгү балдар аянтчасынын жанына көп кабаттуу үй курууга уруксат берген эмес. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мэрия аталган жерге курулуш курууга уруксат берүүдөн баш тарткан.

Буга чейин Жаманбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги скверге көп кабаттуу үй курулуп жатканы үчүн нааразылык акциясы өткөн. Анда жашоочулар аталган сквердеги бактарды курулуш компаниялардын бири кыя баштаганына нааразылык билдирген.

Мындан соң Башкы прокуратура бул үйдүн мыйзамдуулугун текшере баштаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG