Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:18

“Ататүрк” аэропортунда кармалган 9,5 миллион доллар ээлерине кайтарылды


"Ата-Түрк" аэропорту

Бул тууралуу камакка алынган кыргыз жарандары Дайырбек Тойгонбаев менен Темур Кочкоровдун адвокаты Угур Чөрекчи "Азаттыкка" билдирди.

Стамбулдун Башкы прокуратурасынын терроризм жана уюмдук кылмыштуулук бюросу жүргүзгөн иликтөөдө Кыргызстандан келген акчанын терроризм менен байланышы жоктугу ырасталган. Мындан улам Стамбул соту 3-январда акчаны ээсине кайтарып берүү чечимин чыгарган.

Адвокат Чөрекчи кыргызстандык Дайырбек Тойгонбаев менен Темур Кочкоровдун Түркиядан чыгышына уруксат берүү боюнча сотко арыз менен кайрылганын билдирди. Сот чечими менен гана алар Кыргызстанга кете алат.

Былтыр 21-ноябрда Стамбул аэропортунда эки кыргыз жараны 9,5 миллион доллар менен кармалган. Түрк бийликтери бул каражат каттоосу жок киргенин жана ал Фетхуллах Гүлендин кыймылы менен байланышта болушу мүмкүн экенин айткан. Андан соң түрк жараны Исмаил Кашкарий кармалган акчанын 5 миллион 359 миң доллары ага, калган акча башка төрт фирмага таандык экенин билдирген.(ElB)

XS
SM
MD
LG