Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Стамбулдагы кол салууну жасаган адам өзбекстандык болушу мүмкүн


1-январга түнү Стамбулдага “Рейна” түнкү клубундагы кол салууда 39 адам ажал таап, 70ке жакыны жараат алган.
1-январга түнү Стамбулдага “Рейна” түнкү клубундагы кол салууда 39 адам ажал таап, 70ке жакыны жараат алган.

Түрк полициянын маалыматы боюнча Стамбулдагы 39 кишинин өмүрүн алган кол салууга шектүү адам Өзбекстандын жараны болушу мүмкүн. Полициянын маалыматтарына таянып, түрк маалымат каражаттарынын жазышынча, кол салууга шектүү деп саналган адам Абдулгадир Машарипов деп болжолдонууда. Ал "Абу Мухаммед Хорасан" деген каймана ат менен жүргөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кол салуудан соң ал түнкү клубдун ашканасы аркылуу чыгып кеткен. Учурда ал кармала элек.

1-январга түнү Стамбулдага “Рейна” түнкү клубуна куралчан адам кирип ок чыгарган. Андан 39 адам ажал таап, 70ке жакыны жараат алган. Бул кылмышка шектүү киши Орто Азия өлкөлөрүнүн жараны болушу мүмкүн деп айтылып, кыргызстандык адамдын аты да аталган. Бирок кыргыз жаранынын катышы жок экени кийинчерээк ырасталган.

XS
SM
MD
LG