Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:16

Орусиянын Москва шаарындагы өрттөн каза болгондор арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тактоо иштерин жүргүзүп, кырсыкка кабылгандар арасында кыргыз жарандары жок экенин аныктаган.

7-январда Москванын түндүк-чыгыш бөлүгүндөгү административдик имараттардын биринде өрт чыккан. Андан үч адамдын каза болгону кабарланды.

Былтыр август айында Москвадагы басмаканалардын биринде өрт чыгып, Кыргызстандын он төрт жараны каза болгон эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG