Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:32

Москвада дайынсыз кеткен кыргызстандык кыз табылды


Москвада сентябрь айынан бери дайынсыз кеткен кыргызстандык Арууна Камбарова табылып, жакындарына тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев кабарлады.

Анын айтымында, 21 жаштагы Арууна Камбарова төрт айдан бери дайынсыз кеткени боюнча арыз түшкөн. ИИМ өкүлчүлүгү издөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында кыргызстандык кыздын кайда жүргөнү аныкталган. 6-январда ал апасы менен жолуктурулду.

Анда Арууна ар кандай себептерден ата энеси менен кабарлаша албай жүргөндүгүн жана эч кимге доо арызы жок экенин айткан.(BkA)

XS
SM
MD
LG