Караколдо батирлерин күнүмдүк ижарага бергендер нааразылык акциясына чыгышты. Алар жакында кабыл алынган батирди күнүмдүк ижарага берүүгө тыюу салган мыйзамга каршы болушууда. Акцияга чыккан жыйырмага чукул адам президент жана Жогорку Кеңешти бул мыйзамды кайрадан карап көрүүгө чакырышты.
Шаар тургундары Караколго келген туристтерге күнүмдүк батир берип келгенин айтып, бул мыйзам көп адамды кирешесинен ажырата турганын билдиришүүдө.
Буга чейин Жогорку Кеңеш көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди күнүмдүк ижарага берүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алган. Мыйзамды сунуштаган депутаттар ага шаар тургундарынын даттануулары негиз болгонун билдиришкен. Мыйзам 10-январдан тарта күчүнө кирет.(AsM)