Ирактын борбору Багдаддын чыгыш тарабында жардыруу катталды. Андан кеминде 12 адам өлүп, 50дөн ашыгы жараат алды. Негизинен шииттер жашаган Жамил районунда дүрмөттөлгөн автоунаа жарылган.
Жардырууга “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алганы кабарланды.