Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Казакстан аркылуу жүк ташуу көйгөйү дипломатиялык жол менен талкууланууда


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Казакстан өз аймагынан кыргыз товарларын автоунаа менен ташууга тыюу салганы боюнча Бишкек менен Астана ортосунда дипломатиялык сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Калысбек Жумаканов билдирди.

Ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүүгө зарыл болгон товарлар Казакстандын аймагы аркылуу темир жол менен гана ташылышы керектигин коңшулар 3-январда маалымдаган. Кыргыз тарап бул эскертүү күтүүсүз болгонун айтууда.

Ага карабай, азырынча айдоочулар Казакстанда олуттуу тоскоолдуктар пайда боло электигин, жүктү автоунаада ташып жатышканын белгилешет.

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Ветеринардык көзөмөл маселеси эки мамлекет ортосунда көптөн бери талкууланып жатканы менен жыйынтык чыга элек. (SE)

XS
SM
MD
LG