Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

Орусиядагы кыргызстандыктарга медполис боюнча жаңы шарттар түшүндүрүлөт


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги медициналык камсыздандыруу полисинин шарттары өзгөргөндүгү боюнча ушул апта ичи мигранттарга маалымат өнөктүгүн жүргүзөт.

1-январдан тарта Орусияда жүргөн кыргызстандыктар медициналык камсыздандыруу полисин албай эле иштесе болору тууралуу мыйзам чыккан. Маалымат таратуу өнөктүгү ушундан улам уюштурулат.

Элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдиргендей, аталган мыйзамга ылайык, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жарандары орусиялыктардай эле милдеттүү медициналык камсыздандыруу кызматынан пайдалана алышат:

-Бул мыйзамды уккандар дарылануулардын баары акысыз болот деп ойлоп жатышат. Бирок андай эмес. Биз Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымат алып, кайсыл оорулар акысыз, кайсынысы акча менен дарыланаларын мигранттарга жеткирели деп турабыз.

Буга чейин кыргызстандыктар полис үчүн 2000ден 4000 миң рублга чейин төлөшкөн. Элчиликтин маалыматына караганда, айрым мигранттардын полицияга түшүп, административдик жаза алышына же "кара тизмеге" түшүүсүнө да негизинен ушул документтин жоктугу себеп болуп келген. (SE)

XS
SM
MD
LG