Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Ирандын мурдагы президенти Рафсанжани дүйнө салды


Акбар Хашеми Рафсанжани
Акбар Хашеми Рафсанжани

Ирандын мурдагы президенти Акбар Хашеми Рафсанжани Тегерандагы ооруканада 82 жашында инфарктан көз жумду. Бул тууралуу 8-январда Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлап чыкты.

Рафсанжани 1989-1997-жылдары Ирандын президенти болуп иштеген. Ал 2005-жылдагы президенттик шайлоодо кайра ат салышып, Махмуд Ахмединежадга утулуп калган.

Акбар Хашеми Рафсанжани 1979-жылдагы революциядан кийин ислам республикасын түптөөдө негизги ролду ойногон адамдардын бири болчу.

Ал “Революция сакчылары кеңеши” менен парламенттин ортосундагы талаштарды жөнгө салуучу кеңешти жетектеген.

XS
SM
MD
LG