Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

Прибус: Трамп чалгын жамаатынын тыянагын кабыл алат


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп чалгын жамаатынын Орусиянын Америкадагы президенттик шайлоого таасир этүүгө аракет кылганы тууралуу тыянагын кабыл алат. Бул тууралуу Ак үй аппаратынын болочоктогу жетекчиси, Республикачылар партиясынын улуттук комитетинин төрагасы Райнс Прибус билдирди.

“Трамп Орусия жана башка объекттер киберчабуулдарга аралашканы тууралуу фактты кабыл алат”,-деди Прибус.

Трамп буга чейин Москванын президенттик шайлоодогу ыктымал ролу тууралуу сындарды бир нече жолу четке кагып, муну саясий каршылаштарынын өз жеңишине шек келтирүү аракети катары мүнөздөгөн.

Ал тапта республикачылардын сенатору Линдси Грэм Трампка кайрылып, киберчабуулдар үчүн Орусияны жазалоого чакырды.

АКШнын чалгын агенттиктери Орусиянын президенти Владимир Путин Трампка жардам берүү жана Америкадагы президенттик шайлоого таасир этүү үчүн хакердик кампания жүргүзүүгө буйрук берген деген тыянакка келишкен.

Алардын баяндамасынын ачык жарыяланган бөлүгүндө бул өнөктүк демократтардын талапкери Хиллари Клинтонго шек келтирүү аркылуу Трампка жардам берүүнү көздөгөнү айтылган.

XS
SM
MD
LG