Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Нетаньяху Иерусалимдеги кол салууну “Ислам мамлекети” тобунан көрдү


Окуядан кийин. 8-январь, 2017-жыл.
Окуядан кийин. 8-январь, 2017-жыл.

Израил премьер-министри Бинямин Нетаньяху Иерусалимде аскерлерди жүк ташуучу унаа менен сүзүп, набыт кылган айдоочуну “Ислам мамлекети” радикал тобунун өкүлү экенин айтты. Айдоочунун тек-жайы аныкталганын билдирген өкмөт башчы “иликтөөлөр боюнча, ал “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун мүчөсү болуп чыкты”,- деп билдирди.

8-январь күнү калаанын чыгыш тарабында жүк ташыган унаа топтолуп турган аскерлерди сүзгөн. Натыйжада төрт адам каза таап, он бештен ашууну жараат алган. Полиция окуяны атайын уюштурулган “теракт” деп атаган. Айдоочу жеринде атып өлтүрүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG