Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Ак-Сай: калың карда камалгандарга азык-түлүк жеткирилди


Аксайдагы чоң түйшүк - кар күрөш.
Аксайдагы чоң түйшүк - кар күрөш.

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө калың карда калып калган малчыларга азык-түлүк, тоют жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 27-30-декабрда жааган кардан улам Ак-Сайга барчу жол жабылып калган. Натыйжада Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө элдин малын карап кыштаган 54 үй-бүлөнүн азык-түлүк, тоют ташыган байланыш каттамы үзүлгөн. 7-январда Торугарт-Көк-Кыя айланма жолу кардан тазаланып, муктаждарга жүк ташуучу машинелер менен азык-түлүк, чөп жиберилген.

Азыр малчылар аларды менчик автоунаалары менен ташууга киришти. Кыштоолорго барчу ички чарбалык жолдор күрткүдөн тазаланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG