Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

"Ата Мекен" Саляновага козголгон кылмыш ишти "саясий буйрук" деп атады


Алексей Елисеевдин лицензиясын узартуу тууралуу буйрук.
Алексей Елисеевдин лицензиясын узартуу тууралуу буйрук.

Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясы тараткан маалыматта айтылат. Анда аталган партия депутат Аида Саляновага кылмыш иш козгоодо УКМК жетекчилиги менен Башкы прокурор Индира Жолдубаева президенттин "буйругун" аткарганын белгилеген.

Ошондой эле Саляновага кылмыш иш ачууну аны "коркутуп коюу" аракети катары баалаган. Президент Алмазбек Атамбаевден конституциялык укуктарынан аша чабууну токтотууну, укук коргоо органдарынын ишине кийлигишпөөнү, ал эми УКМК менен Башкы прокуратурадан саясий буйрутмаларды түздөн-түз аткаруучу болбоону, мыйзамга таянуу менен иш жүргүзүүнү талап кылган.

Башкы прокуратура юстиция министри болгон учурда кызмат абалынан ашкере пайдаланып, кылмышка шектелген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деген жүйө менен Аида Саляновага 26-декабрда кылмыш ишин козгогон. Депутат болгонго чейин юстиция министри, Башкы прокурор кызматтарын аркалаган Салянова буга мыйзамдык негиз жоктугун айтып келет. (NT)

XS
SM
MD
LG