Түркиянын парламенти 9-январда президенттин ыйгарым укуктарын кеңейте турган талаштуу конституциялык өзгөртүүлөрдү талкуулоого киришти.
Баш мыйзамга киргизиле турган жаңы өзгөртүүлөр Түркияда 1980-жылы болгон аскердик төңкөрүштөн кийин кабыл алынган негизги беренелерди жокко чыгарып, президенттик башкаруу системасын орнотот жана президент Режеп Тайып Эрдоганга өлкөнү толук башкаруу укугу берилет. Ошондой эле Эрдоган беш жылдык президенттик мөөнөткө дагы эки жолу шайлана алат.
Сынчылар Эрдоган жана анын өнөктөштөрү Конституцияны өзгөртүү аркылуу өлкөдө бир кишинин бийлигин орнотуу аракети жасалып жатканын белгилөөдө.
Бирок азыркы президент, анын “Адилет жана өнүгүү” партиясы (АК партия) жаңы өзгөртүүлөр өлкөдө Франция менен АКШдагыдай системаны орноторун билдиришүүдө.
АК партия парламентте оңчул “Улуттук кыймыл” партиясынын колдоосуна ээ болууда. Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум жарыялоо үчүн түрк парламентинин бештен үчү добуш бериши керек.