Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Босниялык сербдер талаштуу майрамды белгилени турушат


Босния жана Герцеговина.
Босния жана Герцеговина.

Босниялык сербдер 9-январда талаш жараткан “мамлекеттүүлүк күнүн” белгилегени жатышат. Мындан 25 жыл мурда ушул күнү Босния-Герцеговинанын түндүк-чыгышында Серб республикасы эгемендик жарыялап, бул окуя Босния согушун тутанткан. 1995-жылы кабыл алынган Дайтон келишиминен кийин жаңжал токтоп, бирок бул территория “Серб республикасы” деген ат менен автономдуу аймак болуп калган.

Сентябрь айында босниялык сербдер 9-январды майрам катары белгилөө үчүн референдум өткөргөн. Бул референдум босниялык мусулмандар менен босниялык сербдердин ортосунда чоң талкууга себеп болгон. Көпчүлүк босниялыктар жана хорваттар босниялык сербдерди бөлүнүүгө аракет кылып жатат деп айыпташкан.

Босниянын Конституциялык соту референдумдун жыйынтыгын жокко чыгарып, 9-январды майрам катары белгилөө өлкөдөгү башка улуттардын укугун басмырлайт деп белгилеген. Бирок Серб республикасынын улутчул лидери Милорад Додик сот чечимин четке кагып, 9-январда мамлекеттүүлүк күнүн белгилөөгө эч ким тоскоолдук кыла албайт деп билдирген.

XS
SM
MD
LG