10-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7;
Таласта түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8;
Баткен облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5;
Нарында түнкүсүн -23...-28, күндүз -10...-15 градус суук болот.
Бишкекте 10-январда кар жаабайт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 1- 6 метрди түзөт. Абанын табы түнкүсүн -3...-5 градус суук, күндүз 4...6 градуска чейин жогорулайт.