Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Казакстанда мамлекеттик пенсия фондунун жетекчиси камалды


Казакстанда Бирдиктүү пенсия фондунун жетекчиси Руслан Ерденаев жана фонддун каржы департаментинин башчысы Муса Бахтов коррупция айыптары боюнча камакка алынды.

Алматы шаардык соту акчанын изин жашырууга шектелип жаткан бул эки аткаминерди тергөө иштери бүткүчө эки ай абакта кармоо чечимин чыгарды.

Ерденаев жана Бахтовдон тышкары минералдык заттар менен иштеген “АлатауМунайАлтын” жана “БузгулАурум” аттуу эки жеке менчик компаниянын жетекчилери да кармалды.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Бирдиктүү пенсиялык фонд 5 миллиард тенгени (14,8 миллион доллар) мыйзамды бузуу аркылуу бул эки компанияга инвестиция катары бергенин билдирди. Мамлекетке таандык бул фонддун жетекчилеринин коюлган айыптар боюнча пикирлери азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG