Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Кипрдин лидерлери тынчтык сүйлөшүүсүнө чогулду


Женевадагы сүйлөшүүлөр
Женевадагы сүйлөшүүлөр

Экиге бөлүнгөн Кипрдин грек жана түрк лидерлери Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен Женевада өтүп жаткан сүйлөшүүгө катышууда.

Никос Анастасидаис менен Мустафа Акынжынын бул жолугушуусу ондогон жылдарга созулган карама-каршылыкты чечүүдөгү бурулуш учур деп мүнөздөлүүдө. Бирок сүйлөшүүлөрдөн кандай натыйжа чыгары белгисиз.

“Женева сүйлөшүүсү маселеге акыркы чекитте коё албайт”,-деди Акынжы. Анастасидаис бул сүйлөшүүгө үмүт менен баратканын “Твиттер” барагына жазды. Ноябрдагы сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктаган болчу.

1974-жылы Грекияга кошулууну алга сүрөгөн төңкөрүштөн кийин Түркиянын күчтөрү Кипрдин бир бөлүгүн басып алган. Андан бери бул арал экиге бөлүнгөн абалда. Аралдын түрк лидери жетектеген аймагын Түркия гана тааныган. Кипрдик гректер жашаган аймагы болсо Евробиримдиктин мүчөсү катары кеңири таанылган.

XS
SM
MD
LG