Ташкентте Өзбекстан менен Ооганстандын саясий кеңешүүлөрү өтүүдө. Расмий маалыматка караганда, 9-январда башталган эки күндүк сүйлөшүүгө ооган тышкы иштер министринин орунбасары Хикмет Халил Карзай башчылыгындагы делегация келген.
Өткөн жылдын соңунда Ташкентке Ооганстан президентинин улук кеңешчиси Хумаюн Каюми сапар жасап, тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушкан эле. Алар эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнү талкуулашкан.
Маалыматтарга караганда, Ооганстан менен Өзбекстан ортосунда соода жүгүртүүнүн жылдык көрсөткүчү 444 миллион доллардан ашат. (SE)