Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:30

КТРКнын Байкоочу кеңешине талапкерлер тандалат


Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) Байкоочу кеңешинин жаңы курамына талапкерлерди каттоо башталды. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешке кирүүнү каалагандар 3-мартка чейин Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине кайрылып, тиешелүү документтерди жөнөтүшү керек. Андан ары бир ай ичинде сунуштар каралат.

Талапкер жалпыга маалымдоо каражаттарында, бейөкмөт уюмдарда, чыгармачыл бирикмелерде беш жылдан кем эмес иштеген жогорку билимдүү адис болушу кажет.

Курамына он беш адам кирген Байкоочу кеңеш КТРКнын берүүлөрүнүн мазмуну жана башкаруу жаатындагы оош-кыйыштарды баалап, чечим кабыл алуу укугуна ээ. Алар беш жылга шайланышат. Жогорку Кеңеш өзү 10 талапкерди көрсөтүп, добуш берүү жолу менен алардын бешөө тандалат. (SE)

XS
SM
MD
LG