Каракол шаарында көп кабаттуу үйлөрдөн батирди суткага ижарага бергендер өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров менен жолугушту. Жолугушууда жашоочулар Ысык-Көлдүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылышты. Моңолдоров Каракол шаарынын жашоочуларына өкүлчүлүктүн аппараты аткаруучу орган экенин жана мыйзам парламент тарабынан кабыл алынарын түшүндүрдү.
Ошондой эле ал жарандардын сунуштары эске алынып, парламенттин аппаратына жиберилерин белгиледи. Каракол шаарынын жашоочулары президентке, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө жазган каттарын калтырышты.
Президент Атамбаев көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди жана турак жайларды саатына жана суткасына мейманкана катары ижарага бергендерге айып пул салуу тууралуу мыйзамга 2016-жылдын 30-декабрында кол койгон.
Мыйзам күчүнө 10-январдан тарта кирди.(AsM)