Жалал-Абаддагы Фейсбуктун колдонуучулары социалдык тармакта президент Атамбаев тууралуу жазгандары үчүн коопсуздук кызматына үч күн сурак берип, эскертүү алышты. Сузактын төрт, Базар-Коргондун беш, Аксынын эки жаранына эскертүү берилди. Бул тууралуу сурак берип чыккандар өздөрү “Азаттыкка” билдиришти. Алар коопсуздук кызматынан эскертүү алышкандан кийин Фейсбукка жазбай калышканын айтышат.
УКМК облустук башкармалыгы мындай маалыматты жокко чыгарып, эч ким суралбаганын билдирүүдө.
10-январда айрым маалымат каражаттарында жана Фейсбукта УКМК төрагасынын орун басары Болот Сүйүмбаевдин Фейсбукта президент Атамбаев тууралуу терс пикир жазган 45 киши аныкталганын, алардын тек-жайы жана интернетке кирген дареги иликтенип жатканы тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинага жазылган жооп каты жарыяланды.
Өткөн жылы УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгы Жети-Өгүздүн тургунун соцтармакта жазган пикири үчүн бир нече күн суракка алган.(RsK/ZKo)