Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:24

ФИФА: Роналду 2016-жылдын мыкты футболчусу


"Реал" футбол клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду.

Футбол федерацияларынын эл аралык ассоциациясы -ФИФАнын тандоосу боюнча “Реал” клубунун чабуулчусу Кришитану Роналду 2016-жылдын мыкты футболчусу деп табылды.

Өткөн жылы Роналду ойногон Португалиянын курама командасы Евро -2016 кубогун жеңип, ал эми ал ойногон “Реал” клубу Чемпиондор лигасында биринчиликке жеткен.

Декабрь айында португалиялык футболчу төртүнчү ирет “Алтын топко” ээ болгон.

Роналду өзү футбол федерациясы аны тандаарынан күмөн санабаганын айтты:

- Мен бул сыйлыкты алаарыма ишенгем. Бул фантастика. Жыл бою талбай эмгектенип, команда менен биргеликте жеңиштерге жетип, эми мындай жеке сыйлыктарга ээ болуу албетте чоң сүйүнүч.

Португалиялык оюнчу финалдык добуш берүүдө "Барселонанын" оюнчусу Лионель Мессини жана “Атлетико” клубунун футболчусу Антуан Гризманнды артка калтырды.

Криштиан Роналду төртүнчү ирет был сыйлыкка ээ болду.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG