Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Аксыда акча бербеген мугалим кысымга кабылганын билдирди


Райондун Кара-Жыгач айылындагы №64 Асанбек Кулбаев атындагы мектептин социалдык педагогу Айгүл Шабданова мектепке келген текшерүүчүлөрдү сыйлап узатууга акча бербей койгондугу үчүн кысымга кабылганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, 2016-жылдын ноябрь айында Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Уулай Зыябекова баштаган 10 адамдан турган кызматкерлер пландык текшерүү максатында аталган мектепте болушкан:

-Аларды бир мугалимдин үйүнө барып кой союп коноктоп, келген жол киресин да мектеп көтөрүп берди. Текшерүүчүлөр кеткен соң окуу бөлүмүнүн башчысы комиссияны сыйлоого ар бир мугалимден 1000 жана санитаркалардан 500 сомдон каражат чогултту. Бирок мен анчалык акча сарпталганына ишенбей бербей койгом. Ошондон кийин мектептин директору менен орун басары мени кысымга алып жатышат.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Уулай Зыябекова текшерүүлөргө ар ким өз каражатынын эсебинен чыкканын жана эч бир жерде сый тамакка барышпаганын “Азаттыкка” билдирди. Бул багытта райондук бийлик да өз алдынча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

№64 Асанбек Кулбаев атындагы мектепте 125 окуучуга 15 мугалим сабак берет. (RsK)

XS
SM
MD
LG