Кытай маалымат каражаттарынын жазышынча, өлкөнүн батышындагы Шинжаң Уйгур автоном районунун бийлиги террордук коркунучтарды алдын алуу үчүн чек аралаш аймактардагы коопсуздук чараларын күчөтүү пландары менен бөлүштү.
China Daily басылмасы кабарлагандай, бийлик мындай кадамга Шинжаңдан чыккан козголоңчулардын чет жактарга чыгып, ал жактан аскерий даярдыктан өтүп кайра мекенине кайтып келишине жол бербөө үчүн барууда.
Шинжаң району сегиз мамлекет, анын ичинде Пакистан, Ооганстан, Тажикстан жана Кыргызстан менен да чектешет.
Шинжаң аймагынын калкынын басымдуу бөлүгүн ислам динин туткан уйгурлар түзөт. Эки жыл мурда аймакта болгон бир катар террордук чабуулдардан жүздөн ашуун адам өлүп, экстремизмге каршы катуу күрөш жарыяланган. Анын алкагында ондогон адамдар камакка алынып, жергиликтүү уйгурлардын нааразылыгын жараткан.