Шаар кеңештин төрагалыгына КСДП фракциясынан депутат Жыргалбек Ботоканов шайланды. Шаар кеңешке жаңы келген депутаттарына мандат тапшырылды.
11-декабрдагы шайлоодо Нарын шаар кеңешине сегиз партия катышып, анын бешөө жеңишке жеткен. Эң көп добушту Социал-демократтар партиясы алып, шаар кеңешинен 12 депутаттык орунга ээ болду. Андан кийинки орунда “Ала-Тоо ынтымагы” партиясы алты депутаттык орунга жетти. “Республика-Ата Журт” партиясы 5, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Кыргызстан” партиялары төрттөн депутаттык орун ээлешти.
Бүгүн ошондой эле шаар кеңешиндеги көпчүлүк коалиция түзүлүп, ага “Республика-Ата Журт” партиясынан тышкары төрт партия кошулду.
Нарын шаар кеңешинде 31 депутат бар.(MiK)